Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели №28/2
Шаардын айланасында мaгазин-комоктордо жашы айланасындагы жете элек өcпүрүмдөргө энергетикалык жана спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салуу жана магазиндердин иштөө убактысын чектөө жөнүндө
Шаар мэри М.М.Мукумовдун Айдаркен шаардык Кеңешине 12.02.2014-жыл №120 сандуу шаар элинин кайрылуусун эске алуу менен магазин-комоктордо жашы жете элек өcпүрүмдөргө кечки саат 22:00ден кийин энергетикалык жана спирттик ичимдиктерди саттырбоо жөнүндөгү сунуш каты сессиянын күн тартибинде каралып талкууланып, шаардык Кеңештин 17/10-токтомунун 2-пунктуна өзгөртүүлөр киргизүү менен депутаттардын сунуштарын эске алып Айдаркен шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөртүү толуктоолор киргизилген мыйзам талабына ылайык келтирилсин.
2. Магазин дүкөндөрдүн иштөө убактысына чектөө коюу алынып салынсын.
3. Шаар аймагындагы магазин-комоктордо жашы он сегизге (18) толо элек жаш өспүрүмдөргө энергетикалык жана спирттик ичимдиктерди сатууда көзөмөлдөө жагы камсыз болсун.
4. Магазин-комоктордун ээлери менен кечки убакытта жаш өспүрүмдөргө спирттик жана энергетикалык ичимдиктерди сатпоо жөнүндө макулдашылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айдаркен шаарынын аймактык тескөөчүсү Абдалимов Русланга жана шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
Төрага |
А. Гайназаров |