Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык Кеңештин XXVII чакырылышынын I - сессиясы
2017-жылдын 10 – январы № 6
“2017- жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө”
Бюджет, экономика, ишкердик иш боюнча комиссиясынын корутундусун жана ФЭБ башчысы Н.Б. Жумагулованын 2017-жылдын бюджетин бекитүү жана 2018-2019-ж. божомол жөнүндө докладын угуп жана талкуулап,
Биринчи Май айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
Биринчи Май айыл өкмөтү көрсөткөн 23678,2 миң сом өлчөмүндө, 1300,0 миң сом атайын эсебин эске алуу менен 2017-жылдын бюджети бекитилсин.
2017-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү төмөнкү булактардын эсебинен түзүлөөрү аныкталсын (тизмеси тиркелет)
2017- жылдын учурдагы чыгымдары төмөнкү бөлүктөр боюнча каржылоо бекитилсин.
Чыгашалар | Атайын счет | Жергиликтүү бюджет | Бардыгы |
Аппарат | 98,5 | 3479,3 | 3577,8 |
Китепкана |
| 313,2 | 313,2 |
Клуб |
| 136,4 | 136,4 |
Бала бакчалар | 1201,5 | 3342,7 | 4544,2 |
АОМ № 1-4 |
| 4840,3 | 4840,3 |
ТКЧ |
| 9037,8 | 9037,8 |
Айыл чарба |
| 200,4 | 200,4 |
Соц.кызматтар |
| 593,9 | 593,9 |
Башка маданият иш чаралар |
| 400,0 | 400,0 |
Граждандык коргоо |
| 34,2 | 34,2 |
бардыгы | 1300,0 | 22378,2 | 23678,2 |
2017 – жылдын жергилүктүү бюджеттин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелерден жүргүзүлөт, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (кызмат акы, тамак – аш, коммуналдык кызматтардын төлөмдөрү, соц. кызматтар)
2016-ж. 16.05.№ 60 110-бер.”Жүгүртүүлүк кассалык накталай акча” Кыргыз Респубдикасыңын Бюджеттик кодекси ылайык– 202534 өлчөмүндө бекитилсин.
70111 бөлүгү -16 бирдик, 70821-4 бирдик, 70823-бөлүгү-2 бирдик штаттык саны бекитилсин.
Конракттык негизде тазалоочунун -1 бирдиги 2500 сом маянасы менен, от жагуучунун – 2 бирдиги 2500 сомдон 5 ай жылытуу мезгилине, кароолчу – 1 бирдиги 3392 соммаяна менен түнкү күзөттү эсепке алуу менен, дворниктин – 0,5 ченеми 1250 соммаянасы менен,мам.сатып алуулар боюнча адиси 7000 миң маянасы менен бекитилсин.
Айыл аймактын аймагында 30 адамдан турган (жаштар-18 адам, ардагерлер -12 адам) футбол командасы бекитилсин.
КР “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамынын жана “Мамлекеттик жарандыккызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын негизинде айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана билим берүү кызматкерлерине электр энергиясына коммуналдык кызматка төлөп берүү каралсын.
Айыл өкмөтүнүн башчысына жыл ичинде бюджет жана атайын эсеп боюнча пландан тышкары түшүүлөрдү, өткөрүлгөн тендерлердин эсебинен үнөмдөлөөрү, керектүү чыгаша жана киреше беренелерине акча каражатын жылдырууларга укук берилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Н.Б. Жумагуловага жүктөлсүн.
Төрага | Дунганов С.У. |