Загрузка документа…
САДОВОЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 130
“Садовое айылында тышкы жарнамаларды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү тууралуу”
Садовое айылында тышкы жарнамаларды жана маалыматтарды жайгаштыруу жөнүндө бюджеттик комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап Садовое айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Садовое айылында тышкы жарнамаларды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелери бекиилсин.
Төрага | Полтавцева Л.П. |
Садовое Кеңешинин депутаттарынын
токтому менен бекитилген
26-март 20015-жыл № 130
Садовое айылында тышкы жарнамаларды жана маалыматтарды жайгаштыруу
эрежелери
1-берене . Жалпы жоболор
Садовое айылында тышкы жарнамаларды жана маалыматтарды жайгаштыруунун азыркы Эрежелери (мындан ары Эрежелер) Садовое айылынын аймагында тышкы жарнамаларды жана маалыматтарды жайгаштыруу каражаттарын жана жайгаштыруу процессин жөнгө салуу жана тартиптештирүү максатында иштелип чыкты .
Тышкы жарнамаларды жана маалыматтарды жайгаштыруу каражаттарына кыйшаюусуз талабы болуп жогорку эстетикалык жана техникалык деңгээли эсептелет .
Тышкы жарнамаларды жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын “Жарнама тууралуу” Мыйзамына жана азыркы Эреженин талаптарына ылайык жүргүзүлөт .
Маалыматтарды жайгаштыруу азыркы Эреженин талаптарына ылайык жүргүзүлөт .
Азыркы Эрежелер Садовое айылынын аймагында тышкы жарнамаларды жана маалыматтарды жайгаштырууну жайылткан жана жүргүзгөн , тиешелүү түрдө катталган жеке ишкерлерге , жарандыгы жок адамдарга жана чет элдик юридикалык адамдарга да тиешелүү .
2-берене . Тышкы жарнамалардын жана маалыматтар каражаттарынын типтери жана түшүнүгү .
1. Тышкы жарнама жана маалымат - булар имараттын жана куруулардын тышында , мекеме – уюмдардын (мындан ары мекеме ) короолорунда жайгашкан , Садовое айылдык аймагынын калкы жана коноктору үчүн кошумча маалымат булагы болгон , айылдын аймагында жайгашкан , маалымат алып жүрүүнүн ар кандай типтери .
Жарнама- бул ар кандай каражаттардын жардамы менен , ар кандай формада таратылган физикалык жана юридикалык адамдар , товарлар , идеялар жана башталуулар жөнүндө маалыматтар . Ал ушул физикалык жана юридикалык адамдарга , товарларга , идеяларга жана башталууларга кызыгууну колдоп жана жаратып , товарлардын жана башталуулардын ишке ашуусуна жардамдашууга көмөктөшөт .
Маалымат- бул тышкы жасалгалоонун типтери (имараттын жана короолордун тышында жайгашкан мекемелердин аталыштары менен илинген илинмелер , мекемелердин такталары , көчө аншлагдары , саясий жарнама , социалдык плакат , майрамдык маалымат , театрлардын , кинотеатрлардын репетуарлары ж.б.) Алар Кыргыз Республикасынын “Жарнама тууралуу” Мыйзамы менен жөнгө салынбайт .
Тышкы жарнамалардын жана маалыматтар каражаттарынын типтери
2.1. Тышкы жарнамалардын жана маалыматтар каражаттарынын типтерине жайгашкан ордунан жана көлөмүнөн , формасынан айырмаланган ар кандай маалыматтар кирет .
2.2. Чатырда орнотулгандар – чатырда же имараттын карнизинин деңгээлинен толук же орточо өйдө жайгашкан көлөмдүү же жалпак орномолор .
2.3. Щиттик конструкциялар – жолдун жээгиндеги газонго орнотулган , темир жана автомобиль көпүрөлөрүнө жана аялдама павильондорунда жана башка жайларда орнотулган , бир же эки тараптуу , жалпак же көлөмдүү конструкциялар .
2.4. Щиттик коюлмалар - курулуп жана оңдолуп жаткан утурумдук тосмолордо , ошондой эле жеке үйлөрдүн короосунда же мекемелердин тосмолорунда жайгашкан коюлмалар .
2.5. Брандмауэрдик панно - имараттардын жана курулуштардын дубалдарында жайгашкан контсрукциялар .
2.6. Кронштейндер – аймактын имараттарына , жарык берүүчү контактык тармагынын тирөөчтөрүнө перпендикулярдык абалда коюлган жана өзүнчө турган тирөөчтөргө коюлгандар .
2.7. Транспаранттар-тартылмалар - көчөнүн кыймылдуу бөлүгү аркылуу жайгашкан , жумшак негизде жасалган түркүктөрдө жана тирөөчтөрдө жайгашкан транспаранттар.
2.8. Проекциондук коюлмалар - жалпак дубалдарда жарнамалык маалымат берүү үчүн коюлмалар .
2.9. Илинмелер - конструкциялар , анын ичинде мекеменин такталары , имарттарда жайгашкан маалымат такталары .
2.10. Флагшток – имараттын жана курулуштун дубалдарында атайын кронштейндерде мамлекеттик жана фирмалык желектерди илүү үчүн контсрукциялар , же өзүнчө тирөөчтө турат .
2.11. Салттуу эмес жарнамалар каражаттары - аба шарлары , соода чатырчалары , серелер , аэростаттар , столдор , стулдар , чатырчалар , отурргучтар жана жарнамалые максатта колдонулган башка каражаттар .
2.12. Унаалардагы жарнамалар - унааларда жайгашкан ар кандай жарнмалар жана маалыматтар .
2.13.Убактылуу коюлган конструкциялар -штендерлер - анча чоң эмес алынып чыга турган жерден өйдө турган жана объектке жакын жайгашкан конструкциялар .
2.14. Көчө аншлагдары , имараттардын , подъезддердин жана турак үйлөрдүн , квартиралардын проспекттердин , көчөлөрдүн аталыштары жана номерлери жазылган табличкалары .
3-берене . Башкаруу жана көзөмөлдөө органы .
Садовое айылдык аймагында тышкы жарнама жана маалымат каражаттарын жайгаштыруу жана көркөмдүк жабдылышы областында бирдиктүү саясатты ишке ашырган башкаруу жана көзөмөлдөө органы болуп Садовое айыл өкмөтү саналат .
Садовое айыл өкмөтү азыркы Эрежелерди аткаруу боюнча башка кызматтардын жоопкерчилигин аныктайт ( архитектура , “Таза айыл” ЖИ , Мамтехинспекция ж.б.) жана координациялайт , алардын аракеттерин көзөмөлдөйт.
4-берене . Тышкы жарнама каражаттарын жайгаштыруу зоналары .
Садовое айылдык аймагынын бардык аймактары тышкы жарнама каражаттарын жайгаштыруу боюнча белгилүү документацияны толтуруу тартиби жана ар кандай талаптары бар зоналарга бөлүнгөн .
Борбордук зона - №1 зона .
4.1. Тышкы жарнама каражаттарын жайгаштыруу бул зонада Садовое айыл өкмөтү менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт .
Борбордук зонага Советский көчөсү кирет .
Башка зона - № 2 зона .
5-берене . Тышкы жарнаманын жана маалыматтын текстине талаптар .
Садовое айылдык аймагында тышкы жарнаманын жана маалыматтын тексти мамлекеттик жана расмий ( кыргыз жана орус тилдеринде )болуш керек жана жарнама берүүчүнүн жана жарнама ээсинин кароосунда Кыргыз Республикасында жашаган элдердин тилинде болот .
Чет өлкөлүктөр жана чет өлкөлүк ишканалар менен биргелешкен илинмелердин , ишкананын профилин ачкан тексттери кыргыз жана орус тилдеринде болуш керек . А эгерде көрсөтүлгөн ишканалар коюлган тартипте катталган тексттери , товардык белгилери ,
логотиптери тейлөө белгилери болсо , (коюлган тартипте тиешелүү катталуу документин көрсөткөн учурда ) оригинал түрүндө берсе болот . Чет тилдеги текст кыргыз жана орус тилдериндеги текстен өйдө болбош керек .
Кошумча чет тилдеги тексттер жарнамалык щиттерде жана витриналарда гана жайгаштырыла алат . Ал тексттер жарнаманын аянтынын 10% ынан ашпаш керек жана кыргыз жана орус тилдеринде түшүндүрмөсү болуш керек .
Чет тилдеги аталыштарды кириллица тамгалары менен жазууга , ошондой эле кыргызча жана орусча тексттерди – латын тамгалары менен жазууга жол берилбейт . Эгерде товардык белги , логотип жана фирманын тейлөө белгиси ушул жазылыштагы текст менен катталып калса ган уруксат берилет .
Коюлган тартипте бекитилбесе , текстте аббревиатурларды жана кыскартууларды колдонууга жол берилбейт .
Тексттерде товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин алардын ээсинин уруксааты жок колдонууга тыюу салынат .
6-берене . Тышкы саясий жарнамаларды жайгаштырууга коюлган талаптар .
6.1. Садовое айылдык аймагында тышкы саясий жарнама жайгаштырылган учурда жарнама берүүчү же жарнама таратуучу аны жайылтуудан эки жума мурун мөөнөттө Садовое айыл өкмөтүнө жазуу түрүндө арыз менен кайрылыш керек . Саясий жарнаманын эскизи же үлгүсү кыргыз жана орус тилдеринде арызга тиркелет . Тышкы саясий жарнама баракча , плакат , афиша , транспарант –тартылма , аппликус түрүндө таратылат жана арыз берүүчү уруксаат алган документтерин бергенден кийин атайын берилген жайларда жайгаштырылат .
6.2. Эгерде тышкы саясий жарнама мамлекетке же муниципалдык менчикке тиешелүү болбогон имараттарда , киосктордо , витриналарда , жеке менчик үйлөрдүн тосмолорунда жана башка жерлерде болсо , жарнама берүүчү же жарнама таратуучу көрсөтүлгөн объекттердин ээлеринин жарнаманы жайгаштырууга уруксаатын алууга милдетүү .
6.3. Саясий жарнамаларды чаптоого жана илүүгө болбойт :
- имараттардын , курулуштардын жана тосмолордун алдына ;
- аялдама павильондорунун түркүктөрүнө ;
- бактарга жана жарык берүү тирөөчтөрүнө ;
- почта жана электр үкөктөрүнө .
6.4. Тышкы саясий жарнама объекттердин ээлеринин макулдугу жок эле жайгаштырып койгон учурда , ээлери жарнама берүүчүнү эскертпей туруп алып салууга укугу бар .
6.5. Тышкы саясий жарнаманы жайгаштырууга мөөнөтү аяктагандан кийин , жарнама берүүчү же жарнама таратуучу 3 күндүн ичинде бардык баракчаларды , плакаттарды , афишаларды чечип , сыйрып жарнама жайгаштырылган жайларды алгачкы абалына келтирип коюшу керек .
7-берене . Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарына коюлган талаптар
7.1. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарын имараттарда , курулуштарда , карниздерде , тирөөчтөрдө жана башка жайларда жайгаштыруу алардын ээлеринин макулдугу менен гана ишке ашат . А электр жабдууларына туташтыруу анын резерви бар болгон учурда гана .
7.2.Ишкананын негизги профили боюнча маалымат жарнама катары каралат .
7.3. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарынын бардык тибин даярдоодо колдонгон материалдар сапатка болгон азыркы талаптарга жооп бериш керек .
7.4. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарынын ээлери милдеттүү:
- Садовое айыл өкмөтүнөн аны орнотууга жана эксплуатациялоого уруксаат алыш керек ;
- орнотула турган конструкцияга бекитилген долбоорлук документациясы болуш керек ;
- конструкциянын бетинин ички жана тышкы жарык берүүсүн кечинде орнотууга , кичи формаларын албаганда ;
- жарнамалык щиттердин жарнама таратуучунун маалыматын көрсөтүү менен маркировкасы болуш керек (уюмдун аталышы , дареги , телефон номери );
- жарнама жайгашкан жерге жакын жайгашкан аймактын ыңгайлашуусун көзөмөлдөөгө (аймакты жашылдандыруу , эгерде жарнаманы көрүүгө тоскоолдук кылса бактарды кыркуу );
- өз убагында аларды оңдоп -түзөө иштерин жүргүзүүгө( конструкцияны сырдоо жана оңдоо);
- жарнамалык жана маалыматтык конструкцияларды демонтаждоо учурунда (уруксаат берүүчү документтердин мөөнөтү бүтүп калса же аймакты мамлекеттик зарылчылыкка байланыштуу алыш керек болуп калс ) жарнама берүүчү тегиздикти алгачкы абалына келтирип коюш керек ;
7.5. Тыюу салынат :
- тышкы жарнама жана маалымат каражаттарын аларда сүрөтү жок 15 күндөн ашык эксплуатациялоого (жарнамалык щиттин тегиздигинде жайгашкан жарнамалык мейкиндикти берүү тууралуу маалымат сүрөткө кирет);
- тышкы жарнама жана маалымат конструцияларын тереңдетип жердин алдындагы коммуникацияларга жайгаштырууга ;
- имараттардын алдында ар кандай багыт-көрсөткүчтөрдү , щиттерди жана товарлардын жана тейлөөлөрдүн ассортименти жана баалары , валюта курстары менен панелдерди ж.б.коюуга ;
- жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылына , көчөлөрдү жана тротуарларды тазалоого тоскоол болууга .
8-берене . Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарынын коюлмаларын жана өзүнчө конструкцияларын жайгаштырууга коюлган атайын талаптар .
8.1. Мамлекеттик жана фирмалык желектер (коюлган тартипте бекитилген) дайыма илинип турат . Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги кездеменин өлчөмүнөн кичине жана орнотулган бийиктиги боюнча башка желектерден ылдый болбошу керек . Эскирип кетсе желектер чечилип , жаңыланышы керек .
8.2. Щиттик конструкциялар . Щиттик конструкциялар үчүн инженердик курулуш түрүндө фундаментке уруксаат берилет . Щиттик конструкциялар менен коңшу конструкциялардын аралыгы Мамавтоинспекциянын талаптарына ылайык аныкталат . Эгерде курулуш жана жолдогу кырдаал мүмкүнчүлүк берсе , алардын арасындагы аралык азайтылат .
8.3. Щиттик орнотулмалар . Щиттик орнотулмаларды коюунун зарыл болгон шарты - курулуштун бүтүндүгүн камсыз кылган жарнаманын жана тосмонун архитектуралык биримдиги болуп саналат . Курулуш аянтчасы курулуп жаткан объект тууралуу аны кыскача мүнөздөп , долбоорду иштеп чыккан авторун же автордук жамаатты көрсөтүп , ген.подряддык ишкананы , курулуштун башталган жана аяктай турган мөөнөтүн көрсөтүп , курулуп жаткан объекттин жооптуу жетекчисинин фамилиясын , анын телефон номерин жана дарегин көрсөткөн графикалык жана маалыматтар жазылышы керек .
Маалымат щиттери курулуш аянтчасына кирип келе жаткан жерде болуп , жакшы көрүнүп турушу керек .
Кошумча жасалгалоо катары курулуш жүрүп жаткан жердин тарыхы тууралуу фотодокументтер же графикалык сүрөттөр пайдаланса болот . Курулуш аянтчасынын тосмолоруна көркөм жасалгоолор , жарнамалар , социалдык плакаттар , өзүнчө блоктор , щиттер менен орнотулган башка маалыматтар , жумшак жасалгоолор же жерден .0,3 м .кем эмес тосмо тасмалар болушу мүмкүн . Щитердин бийиктиги тосмо элементтеринин бийиктигинен ½ болбош керек .
8.4.Кронштейндер курулуштарга жана имараттарга перпендикулярдык вертикалдык абалда орнотулат . Анын ички жана тышкы жарык берүүсү болуш керек . Бир тирөөчкө бир эле кронштейн орнотулат . Бир жактуу кронштейн орнотууга жол берилбейт . Эгерде кронштейндин бир жагы убактылуу пайдаланылбаса , кронштейндин ээси аны аймактын символикасы же социалдык плакат менен толтурушу керек . Кронштейн ишкананын илинмелери менен бирдей бийиктикте жайгашып , өчүп-күйгөн жарыгы болбошу керек . Ишкананын алдына , эгер 20 м. кронштейн коюла турган болсо бир эле кронштейн орнотулат . Эгер ишкананын алдынын узундугу 20 м. ашса кошумча кронштейн орнотууга уруксаат берилет (алдынын ар бир 15 м. бирден).
Кронштейндин төмөнкү чети жерден 2,5 м. ылдый болбошу керек . Кронштейн 2-кабаттын терезелеринин ылдый жагынан толугу менен жана бир аз өйдө болбошу керек . Кронштейндин жоондугу 5 см.ден кем эмес , 20 см.ден ашык эмес болушу керек .
Кронштейн - көрсөтмөлөр ишкананын жайгашкан ордун көрсөтүп , эреже боюнча эки жактуу көлөмдө жасалышы керек. Ички жана тышкы жарык берүүсү болуп , 2,0 кв.м. кем эмес аянтта болуш керек .
Кронштейн - көрсөтмөлөрдү , эреже боюнча , имараттарда жайгаштырууга болбойт . Эгерде ишкана магистралдан түз көрүнбөсө , имараттын архитектуралык өзгөчөлүгү жол берсе . Көрсөтмөнү кронштейн катары орнотсо болот .
8.5. Илинмелер имараттын алдында же капталында жайгашат . Калкты ишкананын ишмердүүлүгү , аталышы , башка маалымат , товардык белгини жайгаштыруу үчүн . 2-кабаттын терезелеринин ылдый жагынан өйдө болбошу керек . эгер имарат толугу менен конструкциянын ээсиники болбосо ; дубалдын тегиздигинен 0,5 метр ден чыкпаш керек ; имараттын алдынын 1/6 бөлүгүг ээлебеши керек ; кечки маалда жарыктын жекече ички жана тышкы булактары менен жарык болуш керек .
Мекемелердин такталары ишкананын толук катталган юридикалык аталышын , анын ведомстволук тиешелүүлүгүн чагылыдырып , имаратка кирип бара жаткан жерге жайгаштырылыш керек . Мекемелердин такталары 1,5 кв.м. ден ашпашы керек . Маалымат такталары ишкана тууралуу , алардын иштөө тартибин көрсөтүп , кире берген эшикте же витрина айнектеринде келгендерге жакшы көрүнө турган бийиктикте жана жерде илиниши керек . Маалымат такталары 1,0 кв.м аянттан ашпаган , 0,3 кв.м аянттан кем эмес жерде , табличкаларда тамгалардын бийиктиги 2 см.ден кичине эмес болушу керек .
8.6. Витриналар . Ишканалардын витриналары милдеттүү түрдө анын профилин ача турган товардык продукция менен жасалып , кечки маалда жарык берилиши керек . Витриналарда берилген ишканадагы сатылып жаткан товарлар жана кызматтар тууралуу маалыматтарга уруксаат берилет . Ишкананын негизги профили боюнча товарлар тууралуу маалымат көлөмү жана саны жагынан башкысы болуш керек (70%) . Ишканалардын витриналарында жалпы мамлекеттик жана айылдагы майрамдарга жана башка иш-чараларга арналган майрамдык маалыматтарды жайгаштырууга болот
8.7. Убактылуу алып чыгуучу конструкциялар – штендерлер .
Убактылуу алып чыгуучу конструкциялар – штендерлер берилген ишкананын профилин чагылыдырыш керек . Габариттери 1,2 х0,8 кв.м. болуп тротуарда же газондо ишканага кире бериштен 2 м. чегинде жөө жүргүнчүлөргө тоскоол болбой , өзүнүн жарык берүүсү болуш керек . Ишкананын иштеген маалында колдонулат .
8.8. Көлөмдүү-мейкиндик түрүндө колдонулган конструкциялар .
Буларга жарнамалык жана маалыматтык кабарларды жайгаштыруу үчүн колдонулат . Көчөлөрдүн жөө жүргүнчүлөр зонасында жана аянттарда , парктарда , көргөзмө комплекстеринде , магистралдардын бөлүүчү тилкелеринде жайгаштырылат . Жөө жүрүүчүлөр зонасында жайгашкан конструкцияларда алардын техникалык жана эстетикалык жасалгалоосуна өзгөчө талаптар коюлат . Плакаттарды айнек ж тунук пленкалар менен коргоо сунушталат .
8.9.Көчөлөрдөгү аншлагдар , имараттардын , подъезддердин жана квартиралардын , турак үйлөрдүн номерлери .
Катар номерлөөгө тиешелүүлүгүнө , баш ийүүсүнө жана канча адам жашагандыгына карабастан бардык имараттар жана үйлөр кирет .
8.10.Убактылуу жана көмөкчү жашоого ылайыкташкан курулуштар (сарайлар,кладовкалар , кампалар , от жагуучу жайлар ж.б) номерленбейт . Көчөлөрдөгү аншлагдар , имараттардын , подъезддердин жана квартиралардын , турак үйлөрдүн номерлеринин тиешелүү түрдө болушуна алардын ээлери жооп беришет .
Имараттарды номерлөө төмөнкү тартипте жүрөт :
Түштүктөн түндүккө карай кеткен көчөлөр үчүн – имараттардын номеринин көбөйүшү түндүккө карай кетет ;
Чыгыштан батышка карай кеткен көчөлөр үчүн – имараттардын номеринин көбөйүшү батышка карай кетет ; Жуп номерлер ,түштүктөн түндүккө багыттагы , батыш жактагы көчөлөргө ,чыгыштан батышка кеткен жагындагы көчөнүн түштүк жагына берилет . Так номерлер көчөлөрдүн чыгыш жана түндүк жагында жайгашкан үйлөргө бюерилет . Бульварлардын, проспекттердин, көчөлөрдүн, кичине көчөлөрдүн кесилишиндеги бурчтагы имараттардын экиден номери жана көчөлөрдүн аншлагы болуш керек. Алардын бирөө имараттын башкы фасадында, а экинчиси капталында болуш керек. Калган имараттардын бирден эле номери болуш керек. Кварталдын ичинде жайгашкан имараттардын аншлагы болбойт. Имараттардын фасадындагы номердик белгилер жерден 3 метр бийиктикте жана бурчтан 20 сантиметр ары горизонтал боюнча номерлердин көбөйүү жагына карата илиниши керек, а имараттарда корнизге чейин 3,5 метрден ыйлдый бийиктикте – дубалдын карнизинен ылдый 20 сантиметр аралыкта же чыгып турган устундан 40 сантиметр илиниши керек. Бульварлардын, проспекттердин, көчөлөрдүн, кичине көчөлөрдүн кесилишиндеги бурчтагы имараттарда номердик белгиси имараттын кесилишке чыккан бурчуна илинет жана имараттын тиешелүү бурчунун кырынан 40 сантиметр горизанталда аншлагдын үстүнө ортолоп илинет. Аншлагдар номердик белгинин астына бурчтун кырынан горизонтал боюнча 20 сантиметр аралыкта илинет. Имараттарга жаңы аншлагдарды жана номерлерди илүүдө эски аншлагдар жана номерлер чечилет.
9-берене . Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарынын эксплуатациялоо жана монтаж коопсуздугу боюнча техникалык ченемдер жана талаптар.
9.1. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарынын эксплуатациялоо жана монтаж коопсуздугу боюнча техникалык ченемдер жана талаптар алардын ээлери үчүн негизги жетекчилик болуп эсептелет жана шамалга туруктуу болушу керек.
9.2. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарынын жогорулатылган көңүл буруучу негизги бөлүктөрү болуп:
- таяныч металл конструкциялары;
- автоматтык өчүрүү жана күйгүзүү аппаратуралары;
- программалык которуучулар;
- тейлөөнүн коопсуздугун камсыз кылуучу түзүлүштөр;
- коргоочу түзүлүштөр;
- тышкы жарнамалык каражаттарды механикалык бүлүнүлөрдөн сактоо үчүн түзүлүштөр кирет.
Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарын тейлөөчү монтаждык-курулуштук жана электромонтаждык жумуштар толугу менен долбоор документациясына, электр орноткучтарынын түзүлүштөрүнүн Эрежелери, электр орнотуучулардын техникалык эксплуатация эрежелери жана керектөөчүлөрдүн электр орноткучтарын эксплуатациялоодо коопсуздук техникасынын Эрежелерин, курулуш ченемдерине ылайык аткаруу зарыл. Алар тиешелүү уруксааты бар адистер менен аткарылат. Ишкана конструкциялардын эксплуатациялоо жана монтаж иштерине, коопсуздук эрежелеринин бузулушуна жана ушуга байланыштуу бузулуулар жана авариялык кырдаалдарга толугу менен жооп берет. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарын жайгаштырууда: алар жайгаша турган курулуштарды жана конструкцияларда алардын бекемдигин, чыдамдуулугун, жүк көтөрумдүүлүгүн, ишеничтүүлүгүн азайтууга жол берилбейт; конструкцияларды темир бетон жана чоюн кармагычтарына бекитүүгө жол берилбейт; унаалардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылынын коопсуздугу жана шарттары начарлабаш керек; конструкциялардын бекитилген түйүндөрү ага ар кимдин кире беришине сакталышы керек; объекттин тегиздигине жарык берүү үчүн электр жана өрт коопсуздугун талаптарына жооп берген жарык берүүчү приборлор колдонулат. Жарык берүүчү приборлордун бекилиши анын конструкция менен ишеничтүү бириккенин камсыз кылыш керек, шамалга жана карга туруктуу болуп вибрациялык жана сокку толкундарына чыдамдуу болуш керек.
9.3. Ишкана бекитилген долбоорго же конструкцияга өз алдынча толуктоо же өзгөртүү киргизгенге акысы жок.
10-берене. Жарнаманы орнотууга жана жайгаштырууга төлөө.
Жарнаманы орнотууга жана жайгаштырууга жарнама берүүчү Садовое айыл өкмөтүнө бир квадраттык метрге бир айга элүү сом өлчөмүндө төлөөгө милдеттүү.
11-берене. Жол кыймылынын коопсуздугунун талаптары.
Тышкы жарнама жана маалыматтарды жайылтууда реалдуу жол транспорттук кырдаалды баалоону оорлоткон жана (тышкы кебетеси, сүрөтү же үн эффектиси боюнча) жол кыймылынын уюштуруунун техникалык каражаттары менен окшоштугу бар болгондо жана атайын сигналдар, жолдо жөө жүргүнчүлөр, унаа каражаттары, жаныбарлар жана башка нерселер бар болгондой көрүнгөн шарттарды түзүүгө тыюу салынат. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттары:
Жол кыймылынын уюштуруунун техникалык каражаттарынын көрүнүшүн чектебеш керек же кыймылдын катышуучуларынын аларды кабыл алышына тоскоол болбош керек;
Жол кыймылынын катышуучуларына жаркыратпаш керек, анын ичинде конструкциялардын бетинен чагылган жарыктар;
Инжинердик курулуштарда пролеттук курулмаларда жайгашканда алардын габаритин кичирейтиш керек;
Аны көрүш үчүн жоо жүргүнчүлөр көчөлөрдүн жана жолдун четине чыккандай болуп жайгашышы керек.
Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарын жайгаштырууда жол берилбейт:
Жол белгилери жана светофор менен бир тирөөчтө болушуна;
Жолдордун авариялык коопту тилкелеринде болушуна;
Темир жол кесилишинде алардан 50 метр жакын болушуна;
Аракеттеги мамлекеттик стандарттарга жана ченемдик актыларга ылайык аныкталган “унаа жөө жүргүнчү жана унаа-унаа көрүнүшүнүн үч бурчтугунун чегинде болушуна”;
Жолдордун жана көчөлөрдүн узунунан жантайуусу 4 % ашканда.
Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарын жолдун жээгине орноткондо борттук ташы жок болуп конструкциянын четинен жолго чейинки аралык 3 метрден кем туура болгондо жол тосмосу коюлуп конструкцияны автотранспорттун коюп кетүүсүнүн алдын алат. Конструкциялардын терөөчтөрүнүн анкердин негиздери жердин деңгээлинен 20 сантиметрден ашпаш керек. Кыймылдап турган элементтин сүрөтү бар, өзгөчө бардык жарнама же маалымат бир убакытта көрүнбөсө аны менен жол кыймылынын катышуучулардын аны окууга убактысы көбөйгөндүгүнө байланыштуу жол берилбейт. Жарнамалык же маалыматтык щиттин ылдыйкы бөлүгү жерден 2,5 метрден ылдый аралыкта болбош керек, жолдун жүргөн бөлүгүндө орнотулса 4,5 метрден кем эмес. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарын жайгаштырууда автомобиль жолдорун жана көчөлөрдү кароонун ыңгайлуулугу, жол кыймылын уюштурууну жөнгө салуу каражаттарын киргизүү жана аларды эсплуатациялоо эске алынат. Жарнамалык каражаттардын түркүктөрү ар кандай материалдан жасалып , машина уруп кетүүдө коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана шамалда, эсплуатациялоодо жеткиликтүү туруктуулукту сактап калууну камсыз кылат. Маалыматтык сервистик белгилер автомобиль жолдорунда жана көчөлөрүндө жолду пайдалануучуларды алардын жолундагы сервистик объектилерин жайгашышы тууралуу маалымдоо үчүн колдонулат жана жолдун , көчөнүн оң жагына кыймылдын маңдайына орнотулат .
Сервис объектилерине жол кыймылынын катышуучуларын тейлей турган тар профилдеги ар кандай объектилер кирет (тамак ичүүчү жайлар , дөңгөлөк , карбюратор , амортизатор оңдоочу жайлар , засаптык бөлүктөр дүкөндөрү ж.б. ).
Маалымат белгилери ГОСТ ко ылайык тиешелүү бийиктикте жана кеңдикте , символдордун негизги фону жана жазуулары , ички жана тышкы жарык берүүсү менен же жарыкты чагылдыруучу тегиздиги менен болушу кереки. Белгилердин арт жагы боз түстө болуш керек . Бүт аймакка символдор жана сервистик объектилер үчүн маалыматтык белглилердеги жазуулар , алар көрсөтө турган кызматтардын тизмеси бирдей болуп , айдоочулар аларды окуш үчүн аз убакыт короткондой болушу керек
12-берене. Берилген Эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик .
Өз алдынча тышкы жарнама жана маалымат каражаттарын жайгаштыргандыгы үчүн төмөнкү жоопкерчиликтер жүктөлөт :
Жазуу түрүндө эскертүү берилет . Эскертүү аткарылбаган учурда өз алдынча орнотулган жарнама бузулат , ага кеткен чыгымдар тышкы жарнама жана маалымат каражаттарынын ээсине тиешелүү болот . Ал чыгымдарды төлөгөндөн кийин ээсине берилет ;
Административдик жоопкерчиликке тартылат ;
Мыйзамга ылайык жоопкерчиликтин башка түрлөрүнө тартылат .
Садовое а-өкмөтүнүн башчысы : М.Т. Долеткулов