Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры № 27/XI – 1
“Карылар күнүнө карата” бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
“Карылар күнүнүн” майрамдоосуна карата Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинен 265,0 миң сом (эки жүз алтымыш беш миң сом) кары адамдарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн караштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Абдрасулов |