Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры № 27/XI – 2
Кайыңды шаарынын аймагында зоналдык коэффициенттин (Кз) маанилүүлүгүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салым Кодексинин 339 беренесинин 4 пунктунун негизинде , жергиликтүү бюджетке кошумча киреше кирип турушу үчүн жана келе жаткан жылдын коюлган максаттарынын, ошондой эле долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Жайгашкан жерлерди пайдалануу үчүн, чарбачылык эмес, үйдүн тегерегиндеги жерлерди пайдалангандыгы үчүн, ошондой эле бак-шактуу жер үлүшүн пайдалангандыгы үчүн Кайыңды шаарынын аймагында 2018 жылына, 2018 жылдын 1 январынан тартып 1,2 өлчөмүндө зоналдык коэффициент (Кз) бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайынды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Абдрасулов |