Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры № 27/XI – 3
Кайынды шаарынын калкына коммуналдык кызматтарды көрсөтүүнүн бирдиктүү тарифин бекитүү жѳнүндѳ
Кайынды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бѳлүмү тарабынан түзүлгѳн, калкка ичүүчү сууну берүүнүн нарк калькуляциясын изилдеп, Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. 2017 жылдын 1 октябрынан баштап Кайынды шаарынын аймагында калкка коммуналдык кызматтарды кѳрсѳтүүнүн бирдиктүү тарифи тѳмѳнкүдѳй тартипте бекитилсин:
-ичүүчү суу 50-00 сом бир адамдан
-агындылоо 35-00 сом бир адамдан
-таштандыларды чыгаруу 20-00 сом бир адамдан
2. Кайынды айылдык кенешинин (азыркы Кайынды шаардык кенеши) 2012 жылдын 16- февралындагы № 89/XXIV-1 жана 2015- жылдын 15 июлундагы № 96/XXV-2 токтомдору күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдөө милдети Кайынды шаардык кенешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Б. Абдрасулов |