Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-майы № 29/1
Айдаркен-Коммунальщик» АКнун 95% акциясын шаардык мэриянын балансына өткөрүү жөнүндө
Айдаркен шаардык мэриясынын 29.04.2014-ж. №303; КРнын Экономика министрлигинин 22.05.2014-ж. №14-1/4844; 2014-ж. 09.07.№223 каттарын окуп, талкуулап, депутаттардын ой-сунуштарын угуп, кайрылуу каттарды чечүү максатында Айдаркен шаардык Кеңешинин 1 -чакырылышынын XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Айдаркен-Коммунальщик» АКнун 95% акциясын, Айдаркен шаардык мэриясынын карамагына өткөрүү жөнүндөгү маселени, шаардык мэриянын жана КРнын экономика министрлигинин катынын негизинде, Мамлекеттик мүлк фондуна кайрылуу аркылуу мыйзам чегинде өткөрүүгө Айдаркен шаардык Кеңешинин макулдугу белгиленсин.
2. Акцияларды өткөрүп алуу иштери жана токтомдун аткарылышы шаар мэри М.М. Мукумовко милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасы А. Гайназаровко жүктөлсүн.
Төрага |
А. Гайназаров |