Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры № 27/XI – 4
Таштандыларды чыгаруу кызматынын акысы жөнүндө
Казаченко, Заводская, Белоброва кѳчѳлѳрүнүн тургундарынын жыйынынын протоколун изилдеп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамынын 18- беренесинин 1- пунктунун негизинде, Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы :
1.2017 жылдын 1 октябрынан баштап кабель заводу районунун калкынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн 20 (жыйырма) сом ѳлчѳмүндѳгү акыны Кайынды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн атайын эсебине кабыл алынсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдөө милдети Кайынды шаардык кенешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Б. Абдрасулов |