Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры № 27/XI – 5
Кайынды шаардык мэриясынын аппаратынын тутумун бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомунун редакциясындагы) “Райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык санына” ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамынын 31- беренесинин 13 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” мыйзамынын 14- беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомунун негизинде түзүлүп, 2017-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгү менен макулдашылып, Кайыңды шаарынын мэри тарабынан бекитилген Кайыңды шаарынын мэриясынын административдик муниципалдык кызматтарынын квалификациялык талаптарына ылайык Кайыңды шаарынын мэриясынын аппаратынын жана мэриянын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн кызматтарынын аталыштары өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын аппаратынын тутуму жана кызмат аталыштары 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн тутуму жана кызмат аталыштары 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Тѳрага У. Абдрасулов
Кайыңды шаардык кеңешинин
2017-жылдын «_______»___________
№________________
Токтому менен бекитилди
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттык саны |
1 | Мэр | 1 |
2 | Вице-мэр | 1 |
3 | Аппарат жетекчиси | 1 |
4 | Каржы жана үнѳм бѳлүмүнүн башчысы | 1 |
5 | Киреше боюнча башкы адис | 1 |
6 | Башкы адис бухгалтер |
|
7 | Жер маселелери боюнча башкы адис |
|
8 | Башкы адис юрист | 1 |
9 | Уюштуруу иштери жана персоналдарды башкаруу боюнча башкы адис | 1 |
10 | Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис | 1 |
11 | Үнѳм жана статистика боюнча жетектѳѳчү адис | 1 |
12 | Мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция боюнча жетектөөчү адис | 1 |
13 | Жетектѳѳчү адис бухгалтер – кассир | 1 |
14 | Материалдык эсепке алуу боюнча адис | 1 |
15 | Иш кагаздары боюнча адис | 1 |
16 | Катчы | 1 |
17 | Комендант | 1 |
18 | Айдоочу | 1 |
Аппарат жетекчиси Курманалиева Д.У.
Кайыңды шаардык кеңешинин
2017-жылдын «_______»___________
№________________
Токтому менен бекитилди
Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн түзүмү жана кызматтардын аталышы
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттык саны |
1 | Бөлүм башчысы | 1 |
2 | Башкы адис | 1 |
3 | Жетектөөчү адис | 1 |
4 | Адис | 1 |
5 | Комендант | 1 |
Бөлүмдүн башчысы | Н. Джумабаев |