Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-августу № 30
Айдаркен шаардык кеңеши тарабынан Айдаркен шаарынын мэри М.М. Мукумовдун 2015-жылдын 6 айлык отчеттун ишмердүүлүгү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Айдаркен шаардык Кеңеши тарабынан Айдаркен шаарынын мэринин М. М. Мукумовдун 6 айлык ишмердүүлүгү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө эсептөө комиссиясынын маалыматын угуп, протоколун карап, талкуулап Айдаркен шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине жана 43-беренесине (6-9)ылайык Айдаркен шаарынын мэри М.М. Мукумовдун 6 айлык ишмердүүлүгүн канааттандырарлык эмес деп, ишенбестик көрсөтүлдү деп эсептелсин.
3. Ушул чечим жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы – Премьер-министр Т. Сариевке билдирилсин жана тиешелүү чечим кабыл алуу жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Турдалиевке жүктөлсүн.
Төрага |
А.Гайназаров |