Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-августу № 30/3
Айдаркен шаарынын Жетим-дөбө көчөсүнүн тургуну Султанова Зийнаттин арызын кароо жөнүндө
Айдаркен шаарынын Жетим-дөбө көчөсүнүн тургуну Султанова Зийнаттин шаардык мэриясына 2015-жылдын 17-июнунда №52-катын карап, таанышып чыгып, талкуулап, депутаттардын сунушун эске алып Айдаркен шаардык Кеңешинин 1-чакырылышынын ХХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаардык Кеңешинин көпчүлүк депутаттарынын чечими менен Султанова Зийнатка эски УПКнын имараты 10 (он жылдык) мөөнөт менен арендага берилсин, мыйзам чегинде мэрия менен биргеликте документтерин бүтүрүп, бала бакча ачууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Укук коргоо, регламент, депутаттык мандат, этика маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Турдалиевке милдеттендирилсин.
Төрага |
А.Гайназаров |