Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-августу № 31
Айдаркен шаардык кеңеши тарабынан Айдаркен шаарынын мэри М. Мукумовко ишенбестик көрсөтүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Айдаркен шаардык Кеңеши тарабынан Айдаркен шаарынын мэрии М.Мукумовко ишенбестик көрсөтүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө эсептөө комиссиясынын маалыматын угуп, протоколун карап, талкуулап Айдаркен шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине ылайык Айдаркен шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан Айдаркен шаарынын мэри М.Мукумовко ишенбестик көрсөтүлсүн.
2. Ушул чечим жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Премьер-министр Т. Сариевке билдирилсин жана тиешелүү чечим кабыл алуу жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Турдалиевке жүктөлсүн.
Төрага |
А. Гайназаров |