Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры № 30
А.Масалиев атындагы орто мектептеги санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана нормалар бузулгандыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 жалпы билим берүү мекемелериндеги санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана номалары жөнүндөгү токтомунун аткарылышын көзөмөлдөө максатында жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жана социалдык саясат боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алуу менен, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
А.Масалиев мектебинде түзүлгөн жагдайды жоюу, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышын камсыздоо, атайын иш-чараларды түзүп, алдын алуу боюнча иш алып баруу жагы мектептин директору Н.Супиевке сунушталсын.
Биринчи иретте мектептерге микроучасткада жашаган балдарды алуу камсыздалсын.
Шаардын аймагындагы мектептерде санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана нормалар бузулган учурда мыйзам чегинде мектеп директорлоруна чара көрүү жагы райондук билим берүү бөлүмүнө сунушталсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеёештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |