Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
2017-жылдын 10-октябры № 31
№ 7 “Росинка” балдар бакчасын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Кадамжай РОАА жана МСЭКБру 2017-жылдын 22-июнунда Кадамжай шаарында жайгашкан № 7 “Росинка” балдар бакчасын КРнын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201-токтомду аткаруу боюнча текшерүү жүргүзгөндө, төмөнкү кемчилдиктер аныкталган:
№ 7 “Росинка” балдар бакчасында 13 тайпа иштеп, ар бир тайпада балдардын саны тизме боюнча 45 баладан 56 балага чейин жеткен. КРнын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201-токтомдун 1 бөлүгүнүн 4 п-пункту бузудууда. № 7 “Росинка” балдар бакчасында 30 баладан 35 балага чейин ашыкча болуп жатканы белгиленди, балдар эс алуу учурунда 2 койкага үчтөн жатышууда. Балдардын көптүгүнө байланыштуу тайпаларда жагымсыз жыттар пайда болуп жатат. Ошондой эле Кадамжай шаарынын Северный жагына таза суу сааты менен берилет. Эрте менен саат 6дан 9га чейин, кечинде 18-30дан 21-00гө чейин. Мына ушуга байланыштуу суунун жетишсиздигинен унитаздар, балдардын горшоктору, тамак ичкен идиштери санитардык өлчүмдө жуулбайт. Шейшептерди жууп тазалоо бөлмөсүндө нечен жылдардан бери ремонт иштери жүргүзүлбөйт, бөлмөнүн шыбактары, плиталары түшүп жатат, актоо, сырдоо иштери жүргүзүлбөгөн.
Ушундай эле көрүнүштөр балдар ойноо аянтчаларында да ремонт иштери жок. Балдар бакчасынын подвалы акыр-чикирлерге толгон. Балдардын тизмелери такталып, жаңыланып илинбеген, кроваттар, шкафтар, бет арчуулары балдардын тизмесине карап маркировкаланбаган.
Жогорудагы жагдайлар шаардын бардык балдар бакчаларында кездешүүдө.
КРнын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201-токтомуна ылайык жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жана социалдык саясат боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун эске алуу менен Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын аймагындагы балдар бакчаларынын башчыларына КРнын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201-токтому менен бекитилген “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” эрежелери жана ченемдерине ылайык балдарды кабыл алуусу эскертилсин.
2. Кадамжай шаарындагы балдар бакчалардагы түзүлгөн абалды жоюу боюнча убактылуу комиссия түзүлсүн. (Тиркеме тиркелет)
3. Комиссия шаардагы балдар бакчаларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтомунун аткарылышы боюнча иш жүргүзүп, шаардык кеңештин келерки сессиясына жогорудагы маселе киргизилсин.
4. Райондук билим берүү бөлүмүнө балдар бакчаларында иштөө эрежелери жана нормалары бузулган учурда мыйзам чегинде жетекчилерге чара колдону жагы сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышы шаардын аймагындагы балдар бакчаларынын башчыларына жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жана социалдык саясат боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |