Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
2017-жылдын 10-октябры № 32
Райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеёешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жана социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиялардын сунушунун негизинде жана шаарда балдар бакчасына муктаж болгон элдердин саны күндөн күнгө көбөйгөндүгүн эске алуу менен Кадамжай шаардык кеёеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
№ 4 балдар бакчасынын имаратынын бир бөлүгүндө жайгашкан райондук жарандык абалдын актыларын катто бөлүмүн имарат менен камсыздоо жагы шаардык мэрияга тапшырлысын.
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан № 4 балдар бакчасынын имаратын бошотууга көмөк көрсөтүү жагы суралсын.
Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеёештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жана жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |