Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
2017-жылдын 10-октябры № 33
“Теремок” балдар бакчасынын имаратын бошотуу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү жана социалдык саясат боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун эске алуу менен Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте “Теремок” балдар бакчасынын имаратына убактылуу жайгаштырылган үй-бүлө тибиндеги “Кут кадам” балдар үйү мекемесинде тарбиялануучу балдарды медико-педагогикалык комиссиядан өткөрүп, бир айлык мөөнөттө атайын окуу жайларына жайгаштыруу жагы шаардык мэрияга тапшырылсын.
Атайын кызматтарды чакыртып (КНПСти) “Теремок” балдар бакчасынын имаратынын авариялык абалын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-июнундагы №2054-V токтомунун, Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2013-жылдын 30-майындагы №219-р буйругунун, Кыргыз Республикасынын билим беруу жонундогу мыйзамынын 47-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим беруу жонундогу мыйзамынын 9-беренесине ылайык балдар бакчасы катары иштетүү шаардын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жана социалдык саясат боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |