Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
2017-жылдын 10-октябры № 34
М.Нургазиев каналынын Жаңы-Жер участкасындагы шаркыратмага чакан гидроэлектро станция куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын чакан гидроэнергетикасын 2017-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын аткаруу жана шаарга инвестиция тартуу максатында Кадамжай шаардык мэриясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 281-213 кайрылуу катын карап жана талкуулап, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. М.Нургазиев каналынын Жаңы-Жер участкасындагы эки шаркыратмага инвестиция тартуу жолу менен мыйзам чегинде эки чакан гидроэлектро станция (ГЭС) курууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |