Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
2017-жылдын 10-октябры № 36
Кадамжай шаарынын тургундарын таза суу менен камсыздоо жөнүндө
Кадамжай шаардык кеёешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жана социалдык саясат боюнча туруктуу комиссияларынын сунушунун, шаардык мэриянын 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 281-206 кайрылуу катынын негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Учкун” жана “Азим Булак” участкаларында изилдөө жумуштарын жана кошумча суу түтүгун тартууга долбоор даярдатууга уруксат берилсин.
2. Тендерге коюлгандан кийин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияга киргизилип, акча каражаты бөлүнсүн.
3. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеёештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |