Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
2017-жылдын 10-октябры № 37
Кадамжай шаардык мэриясына атайын техника сатып алууга уруксат берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жана социалдык саясат боюнча туруктуу комиссияларынын сунушунун, шаардык мэриянын 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 281-214 кайрылуу катынын негизинде Кадамжай шаардык кеёеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын тазалыгын камсыздоо максатында техника сатып алуу боюнча убактылуу комиссия түзүлсүн. (тиркеме тиркелет)
2. Комиссиянын сунушунун негизинде шаардын тазалыгын камсыздоо максатында атайын техника сатып алууга уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеёештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |