Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
2017-жылдын 10-октябры № 38
Мугалимдер күнүн белгилөө жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү жана социалдык саясат боюнча туруктуу комиссияларынын сунушунун негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Мугалимдер күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен кошумча 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |