Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-октябры №32/1
Айдаркен шаардык мэриясынын 2015-жыл19.10.№700-кайрылуу катын кароо жөнүндө (базалык ставканы бекитип берүү)
Айдаркен шаардык мэриясынан 2015-жылдын 19.10.№700-катында көрсөтүлгөн Кадамжай райондук каржы бөлүмүнүн 2015-жылдын 15.10. №198- катын аткаруу максатында, КРнын салык кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна ылайык айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасын бекитип берүү маселеси эл депутаттарынын Айдаркен шаардык Кеңешинин 1-чакырылышынын 32-сессиясында күн тартибинде каралып, талкууланып 1-чакырылыштын 32-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаар аймагындагы айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы, Айдаркен сымап АКнун азыркы күндө убактылуу толук кандуу иштебей жаткандыгына байланыштуу, КРнун Салык кодексинин 49-болумунун 337-беренесине ылайык бекитилсин.
2. Керектелүүчү иш кагаздарын толуктап, аткаруу жагы шаардык мэриянын салык бөлүмүнүн жетекчиси А.Ч. Жороевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А. Гайназаров |