Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-ноябры № 34/XII – 3
“Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын сунушун карап чыгып, талкуулап «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобосунун негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1.Кайынды шаарынын мэриясына туруктуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн Айдаров Алтынбек Эркинбековичке «Кайынды шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2.Кайыңды шаарынын футболунун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Сакебаев Советбек Абдышевичке «Кайынды шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |