Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-ноябры № 35/XII – 4
Мектепке чейинки билим берүү мекемеси “Куш канат” бала бакчасын түзүү жана ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18 - беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013 – жылдын 30 апрелиндеги № 218 токтому менен жактырылган 2013-2017 жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү программасынын максаттарын /маселелерин ишке ашыруу боюнча Кайыңды шаарынын мэринин аракеттери /милдеттери мерчеминин 3- пунктунун жана 2017 – 2018 жылдардын Кайыңды шаарын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Кайыңды шаарынын Юбилейная көчөсүндөгү мурдагы балдар бакчасы имаратынын базасында мектепке чейинки билим берүү “Куш канат мекемеси түзүлүп, ачылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |