Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Ой айылдык Кеңешинин XXVI – чакырылышынын кезектеги отуз тѳртүнчү Сессиясы
2017-жылдын 10-январы № 05
ТЖКЧжЖТК тутумунун штатына айыл-чарба адиси, Архивариус, Мектепке коопсуздук кызматкер(СБ), мектептин алма-багы жана мечитке кайтаруучуларды, келишимдин негизинде кабыл алуу жѳнүндѳ
ТЖКЧжЖТК тутумунун штатына адис жана келишимдин негизинде жумушчуларды кабыл алуу максатында, Кара-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн «Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун» штатына айыл чарба адиси жана келишимдин негизинде тѳмѳндѳгүдѳй жумушчулар кабыл алынсын:
Айыл-чарба адиси 3500 (үч мин беш жүз) сом айлык маянасы менен;
Архивариус (0,5 ставка), 3000 (үч мин) сом айлык маянасы менен;
Мектепке коопсуздук кызматкери (СБ) (0,5 ставка) 3000 (үч мин) сом айлык маянасы менен;
Мектептин алма-багына кароолчу (0,5 ставка), 3000 (үч мин) сом айлык маянасы менен;
Мечитке кароолчу (0,5 ставка), 3000 (үч мин) сом айлык маянасы менен.
Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | У. Усенбеков |