Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 138
Шаардык мэрия, маданият бөлүмү жана билим берүү бөлүмүнүн каражаттарын бир статьядан башка статьяларга жылдыруу жөнүндө
Шаардык мэриянын 2016-жылдын 5-августундагы №02-10/03-1052, маданият бөлүмүнүн 2016-ж.08.08.№78, 19.08. №83 жана билим берүү бөлүмүнүн 2016-ж. 08.08. №01-18/1510, 18.08. №01-18/1528, шаардык каржы бөлүмүнүн 19.08. №105 сандуу 2016-жылкы сметасынан акча каражатын бир статьядан башка статьяга жылдыруу жөнүндөгү каттары жөнүндө шаардык кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комисиясынын төрайымы Г.Ы. Кушматованын, шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Д.Ташбаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин, Кыргыз Республикасынын бюджетинин негизги принциптери жөнүндөгү №78 Мыйзамынын 15-беренесинин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык мэриясынын 2016-жылга бекитилген сметасынын 3111 статьясынан 80,0 миӊ сому 2211 статьясына жылдырылсын.
-шаардык маданият бөлүмүнүн 2016-жылга бекитилген сметасынын -3111 статьясынан 2211 статьясына, 80,0 миӊ сом, 2215 статьясына 100,0 сом жылдырылсын.
- шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2016-жылга бекитилген сметасынын 3111 статьясынан 2211 статьясына 80,0 миӊ сом, 2215 статьясына15030сом, 2222-статьясына 22970 сом, 3112-статьясына 59200 сом жылдырылсын.
- Сулукту шаарынын бюджетинин 2015-жылдын эркин калдыгынан 60,0 мин сом шаардык жарандык материалдык техникалык коргонуу кызматына жылдырылсын
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык каржы бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комисиясына жүктөлсүн.
Төрага |
К. Исмаилов |