Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Ой айылдык Кеңешинин XXVI – чакырылышынын кезектеги отуз тѳртүнчү Сессиясы
2017-жылдын 16-марты № 05
Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылдык Кеңеши кезектеги (кезексиз) ХХXIV- сессиясында жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кара-Ой айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Ой айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдентендирилсин.
Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каржаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы – Жайыт Комитетине эскертилсин.
Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдетүү.
Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
Бул токтомдун аткарылышын тейлөө Кара-Ой айыл аймагынын башчысы К.Тюлегеновго жүктөлөт.
Төрага | У. Усенбеков |