Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Ой айылдык Кеңешинин XXVI – чакырылышынын кезектеги отуз тѳртүнчү Сессиясы
2017-жылдын 16-марты № 06
Кара-Ой айыл элинин ички тартип эрежелери жана кызмат кѳрсѳтүү акыларынын тарифин бекитүү жѳнүндѳ
Кара-Ой айыл аймагынын айыл элинин жалпы элдик чогулушунда кабыл алган ички тартип эрежелери жана кызмат кѳрсѳтүү акыларынын тарифин бекиттүү максатында, Кара-Ой айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Ой айыл аймагында ички жайытка кѳчүү 1-майынан 30-майына чейин алыскы жайытка кѳчүү 20-майынан 10-июнга чейин ал эми алыскы жайыттан кѳчүп келүү 1-октябрдан эрте эмес мѳѳнѳттѳ белгиленсин.
2017-жылдын 1-майынан баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилсин.
Кара-Ой айылында 2017-жылдын 1-майынан баштап бада уюштурулсун.
Бадага субай уй алып калууга тыюу салынсын.
Ички жайыттагы сарай ээлерине 1 жылкы, 1-2 чейин саан уй, 10 кой эчкиден мал алып калууга уруксат берилсин.
2017-жылдын 1-майынан баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюшулгандыгына байланыштуу, мал ээлери короосундагы малга кѳзѳмѳлдүктү күчѳтсүн.
Камакка түшкѳн малга түрүнѳ карабастан акчалай 100 (жүз) сом айып алынсын. Жазгы айдап себүү, күзгү оруп-жыйноо иштерине кызмат кѳрсѳтүү акыларынын тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.
Айыл тургундары үй-тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калган, жайыттырга кѳчүү, конуу эрежелерин жана мѳѳнѳттѳрүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузган жарандарга айыл ѳкмѳтүнүн уставынын 11-беренесинин 1-2 пунктарынын жана Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик тууралуу Кодексинин 17-беренесинин 185-186, 193 статьяларына ылайык жоопко тартылары эскертилсин.
Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратында каттоого ѳткѳрүлүп жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Кѳл облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
Бул буйруктун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жана тиешелүү документтерди даярдап берүү менен укук бузууларды алдын алуу жагы, жайыт комитетинин тѳрагасы К.Сүйүналиевке милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын контролгоо алуу жагы Кара-Ой айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Тюлегеновго жүктөлсүн.
Төрага | У. Усенбеков |