Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-апрели № 02
Даватчылар жөнүндө
Кара-Ой айыл аймагына келип жаткан даватчыларды контролдоо максатында, Кара-Ой айылдык Кеӊеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Ой айыл аймагына келип жаткан даватчылар, айыл тургундары Ж.Иманалиев, М.Мансуров, Д.Муканбаев тарабынан милдеттүү түрдѳ уруксаат иш кагаздарынын негизинде, мечитке киргизишсин.
Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кеңешинин «Социалдык, экономикалык, маданий тармактарды өнүктүрүү, калкка кызмат көрсөтүү, жаштар саясаты, пенсия, пособие, жеңилдиктер, илим берүү, саламаттыкты сактоо, спортту өнүктүрүү, улуттук каада салтты өрчүтүү, миграция маселелери» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | У.Усенбеков |