Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-ой айылдык кеңешинин XXVI – чакырылышынын кезексиз отуз бешинчи сессиясы
2017-жылдын 04-апрели № 01
Айыл чарба техникасын алуу жөнүндө
Кара-Ой айылдык кенешинин 04.04.2017-жылдагы № 01 протоколунун, Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын катынын негизинде жана Кара-Ой айыл аймагында айдоо иштерин убагында ѳткѳрүү максатында, Кара-Ой айылдык Кеӊеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ каршатуу «Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо» тутумуна, Айыл Банк» ААК аркылуу лизингке Беларусь-82.1 Д-243 үлгүсүндѳгү трактору сокосу менен, Ысык-Кѳл облусунун Ѳнүктүрүү фондунун, техниканын жалпы суммасынын 30% каржылоосу лизингке алууга уруксаат берилсин.
Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана «Айыл Банк» ААК менен келишимди түүзүү, ѳздүк салым катары тиешелүү тѳлѳмдѳрүн тѳлѳп туруу жагы Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ каршатуу «Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо» тутумуна милдеттендирилсин.
Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ каршатуу «Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо» тутумуна айыл чарба техникасын алууда, Кара-Ой айыл ѳкмѳтү «Айыл Банк» ААК алдында милдеттемелерди аткарууда тилектештик-кызматтык жоопкерчиликти аткаруучу катары катышууга укук берилсин.
Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ каршатуу «Турак-жай коммунадын чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо» тутумуна, айыл чарба техникасын алуу үчүн, «Айыл Банк» ААК лизинг катары техниканы алууда, «Айыл Банк» ААК менен келишимдерге кол коюуга жана башка лизинг катары техниканы алууда, аракет бѳлүмдѳрдү аткарууда айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу ТЖКЧжЖТК тутумунун директору М.Абдыкадыровго укук берилсин.
Лизингдин негизги каражатын жана пайыздарын графиктик негизде тѳлѳѳ жагы Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу ТЖКЧжЖТК тутумуна милдеттендирилсин.
Ар жыл сайын атайын техниканын тѳлѳмү, жергиликтүү бюджетинин эсебинен бѳлүнүп турсун.
Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө, тиешелүү иш кагаздарды жана келишим түзүү жагы, айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | У.Усенбеков |