Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-ой айылдык кеңешинин XXVI – чакырылышынын кезексиз отуз бешинчи сессиясы
2017-жылдын 04-апрели № 06
Долбоор иштеп чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жай жана мелиорация Министрлиги, Суу чарба жана мелиорация департаментинин 30.03.2017-жылдагы №21 катынын негизинде максатында, Кара-Ой айылдык Кеӊеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Ой айыл аймагында «Реабилитация головных сооружений ирригационной системы АВП «Кара-Ой» долбооруна 36,45 млн сом акча каражатына, кошумча 46,95 млн сомго баардыгы 83,4 млн сом акча каражаты, жаны долбоор иштеп чыгууга тиешелүү акча каражаты жергиликтүү бюджетинин эсебинен бѳлүнүп берилсин.
Мурунку 2009-жылы аталган долбоорду инженер В.П.Рыбалкин иштеп чыккандыгына байланыштуу жана анын жогорку сапатта болгондугун эске алып, кийинки жаны долбоорду да В.П. Рыбалкинге иштеп чыгуу жагы каралсын.
Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | У.Усенбеков |