Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-ой айылдык кеңешинин XXVI – чакырылышынын кезексиз отуз бешинчи сессиясы
2017-жылдын 04-апрели № 08
Жайыт пайдалануулар бирикмесинин тѳрагасын жана эсепчисин шайлоо жөнүндө
Кара-Ой айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы жамаатынын протоколун карап талкуулап чыгып, Кара-Ой айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Ой айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы Абдыкалыков Айбек Кубантбекович жумуш ордунан ѳз каалоосу менен бошотулсун.
Кара-Ой айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы болуп Суюналиев Канат Суюналиевич дайындалсын.
Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн Жайыт пайдалуучулар бирикмесинин эсепчиси болуп, Рыспаева Насипа Темирбековна, жумуш ордунан ѳз каалоосу менен жумуш ордунан бошотулсун.
Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн Жайыт пайдалуучулар бирикмесинин эсепчиси болуп, Рысбекова Эркингүл Рысбековна дайындалсын.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы жана эсепчиси, баардык банктык эсептеги финансы каражаттарын чечүүгѳ жана колдонууга укуктуу.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» жана Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | У.Усенбеков |