Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 139
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгынын киреше бөлүгүнүн планы КРнын финансы министрлиги тарабынан кыскартылгандыгына байланыштуу жергиликтүү бюджеттик мекеме ишканалардын 2016- жылдын жарым жылдыгында колдонулбай калган чыгашаларын 1000,0 миӊ сомго кыскартуу жөнүндө
Сулукту шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Д.Ташбаевдин 2016-жылдын 7-июлундагы № 91 чыгыш сандагы Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгынын киреше бөлүгүнүн планы КРнын финансы министрлиги тарабынан кыскартылгандыгына байланыштуу жергиликтүү бюджеттик мекеме ишканалардын 2016-жылдын жарым жылдыгында колдонулбай калган чыгашаларын 1000,0 миӊ сомго кыскартуу жөнүндө каты тууралуу депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Кушматованын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин, Кыргыз Республикасынын бюджетинин негизги принциптери жөнүндөгү №78 Мыйзамынын 15-беренесинин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгынын киреше бөлүгүнүн планы КРнын финансы министрлиги тарабынан кыскартылгандыгына байланыштуу жергиликтүү бюджеттик мекеме ишканалардын 2016-жылдын жарым жылдыгында колдонулбай калган чыгашалары 1000,0 миӊ сомго кыскартылсын
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык каржы бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комисиясына жүктөлсүн
Төрага |
К. Исмаилов |