Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык кеңештин Vl чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2017-жылдын 30-октябры № 42
Маркаев Каланбек Орозовичти Баткен районунун «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүүгө сунуш берүү жөнүндө
Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Козуевдин Маркаев Каланбек Орозовичти Баткен районунун “ Ардактуу атуулу”наамына көрсөтүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап,Суу-Башы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын тургуну Баткен РЭТ башкармалыгынын башчысы Маркаев Каланбек Орозовичти Баткен районунун “Ардактуу атуулу”наамына ыйгаруу сунуш кылынсын.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Баткен районунун “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу боюнча комиссиясына сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Р.Артыкбаев |