Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-июлу № 8/34
Шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу жана шаардын жолдорун оңдоп түзөө жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017–жылдын 21–июнундагы чечимин эске алып, шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу жана шаардын жолдорун оңдоп түзөөтүүнү жакшыртуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл–Кыя шаарынын көчөлөрүн жарыктандыруу жана шаардын жолдорун оңдоп түзөө боюнча Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин алып барган иштери жөнүндө шаардын муниципалдык менчик департаментинин директору А.Эрматовдун маалыматы эске алынсын.
Кызыл–Кыя шаарынын көчөлөрүн жарыктандыруу жана шаардын жолдорун оңдоп түзөө боюнча алып барып жаткан иштеринде орун алган кемчилдиктерди тез арада жоюу боюнча тийиштүү чараларды көрүү жагы муниципалдык менчик департаментинин директору А.Эрматовго милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |