Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-июлу № 8/35
Кызыл-Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсү жана божомолдогон негизги көрсөткүчтөрүнүн 2017-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин отчету жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6)-пунктуна жана 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8)-пунктуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
Кызыл-Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсү жана божомолдогон негизги көрсөткүчтөрүнүн 2017-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин отчету “канааттандыраарлык” деп табылсын.
2017-жылдын 6 айы ичинде Кызыл-Кыя шаарынын мекеме–ишканалары, уюмдары, комитеттери, башкармалыктары жана башка чарбалык субьектилери тарабынан кабыл алынган социалдык–экономикалык жана маданий көрсөткүчтөрдү камсыз кылууда кемчиликтердин болгону белгиленсин жана жыл аягына чейин аларды толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардагы мекеме–ишканалардын, уюмдардын, комитеттердин, башкармалыктардын жана башка чарбалык субъектилердин жетекчилерине жүктөлсүн.
Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевге милдеттендирилсин:
макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө, кээ бир аткарылбай калган параметрлер үчүн керектүү чараларды колдонуу жана инвестицияларды тартуу жагы;
шаардын тургундарын, социалдык мекемелерди жана чарбалык субъекттерди суу, электроэнергия жана жылуулук менен, айрыкча кыш мезгилинде үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жагы.
Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кызыл-Кыя башкармалыгынын башчысына (И.Жолдошов), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгына (М.Сагинбаев) божомол аналитикалык эсептөөлөр боюнча салыктардын бюджетке өз убагында жана толук түшүүсүн камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрайымы У.Дариповага жана шаардык кеңештин туруктуу комиссиясияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |