Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-июлу № 9/36
Кызыл-Кыя шаарынын 2017–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2017–жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө
«Жегиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2017–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2017–жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Кыя шаарынын 2017-жылдагы шаардын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыныгы минималдуу керектөөсү бюджеттик мекемелердин берген долбоорунун негизинде 161973,9 миң сом өлчөмүндө аныкталган. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясында 2017-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча контролдук суммасы 123007,2 миң сом өлчөмүндө бекитилген. Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын 2017-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2017–жылдын 6 айында киреше бөлүгүнүн аткарылышы 69528,1 миң сом, чыгаша бөлүгү 62030,8 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |