Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 6-чакрылышынын кезектеги 21-сессиясы
2017-жылдын 25-октябры № 32
Кереге-Таш айылынын чыгыш тарабын дагы жайыт комитетинин эсебинде турган 38,0га болгон жер тилкесин, Корея улуттук парктын жана ага келүүчү 6,5 км (20,0 га) арыкты трансформациялоо үчүн жумшалуучу акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Майдан айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кереге-Таш айылынын чыгыш тарабындагы 38,0га болгон улуттук парктын жана ага келүүчү 6,5 км (20,0 га) арыкты трансформациялоо үчүн Кадамжай райондук архитектурага 197 366 (биржүз токсон жети миң үч жүз алтымыш алты )сом жумшалуучу акча каражаты ажыратылып берилсин.
Ушул чечимдин аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
Төрага | М.Курмушуев |