Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2017-жылдын 20-январы № 2/2
Алга айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга бюджеттин бекитуу жана 2018-2019-жылдар үчүн бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Алга айылдык кенеши күн тартибиндеги маселе боюнча 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 “Кыргыз Республикасынын бюджетик укуктун негизги принциптери жөнүндөгу”, 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 9215 “өз алдынча башкаруу органдарынын финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде түзүлүп. Экономика комиттеринде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Алга айыл өкмотунүн 2016-жылдын бюджети кирешелер боюнча 9556,0 мин сом чыгашалар боюнча 9335,0 миң сом өлчөмүндө аткарылган отчету бекитилсин.
2. Алга айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 8442,0 миң сом (атайын каражаттарсыз) олчомүндө бекитилсин.
3. Алга айыл өкмотунүн 2017-жылдын бюджети чыгашалар бөлүгү 8442,0 миң сом (атайын каражаттарсыз) өлчөмүндө бекитилсин.
. Алга айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин атайын каражаттар боюнча кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 259,2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
Алга айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-2019-жылдар үчүн негизги параметрлеринин болжолу 2018-жылга кирешелер жана чыгашалар 8578,4 миң өлчөмүндө жактылылсын.
Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондго чегеруулор, тамак, аш . коммуналдык чыгымдар) жүргүзүлсүн.
Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар штат бирдиктери жана нормативдик документтер озгортулгондо азайтылышы же көбөйтулушү мүмкүн.
Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштетүүгө тыюу салынсын.
Айыл өкмөттүн 2017-жылга бюджети 1-январь 2017-жылдан баштап ишке киргизилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Акбаров |