Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2017-жылдын 20-январы № 2/3
Алга айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү салыктын базалык өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Алга айылдык кеңеши күн тартибиндеги меселе боюнча экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337 беренесинин 6-пунктуна негиз Алга айыл өкмөтунүн аймагындагы айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү салыктын базалык өлчөмү 50% жогорулатылсын.
2. Айыл чарбасына жарактуу жерлдерди пайдалангандыгы үчүн төлөнүучү салыктын базалык өлчөмүнүн кобойтүү боюнча мыйзам чегинде талап кылынуучу жумуштарды аткаруу жана эл ичинде түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүү жагы Алга айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акбаралиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Акбаров |