Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-майы № 27/3
Атуулдук берүү жөнүндө
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика,финансы,бюджет,мандат,депутаттык иш,этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиянын чечиминин негизинде, Депутаттардын Чет-нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Нура айылынын тургуну 25-ноябрь 1949-жылы туулган пенсионер Бейшалиев Таабалдыга, ушул эле айылдын тургуну алдынкы механизатор 29-январь 1960-жылы туулган Байчериков Токтобайга, Чет-Нура айылынын тургуну 15-август 1938-жылы туулган пенсионер Абдыкайыров Токтомамытка, Ийри-Суу айылынын тургуну 14-май 1949-жылы туулган пенсионер Алымбаева Батмабүбү Токоевнага Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Ардактуу Атуулу» наамдары берилсин.
2. Сертификат күбөлүктөрүн даярдоо айыл өкмөт башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин экономика,финансы,бюджет,мандат,депутаттык иш,этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ж.Жакыпов |