Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-майы № 27/4
Айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин жана муниципалдык жерлерди инвентаризациялоо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин жана муниципалдык жерлерди кайра инвентаризациялоо максатында, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин жана муниципалдык жерлерди кайрадан инвентаризациялоо 15-октябрь 2016-жылга чейин бүткөрүлсүн.
2. Инвентаризация жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүндө айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссия менен бирдикте комиссия түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Жакыпов |
Маселе | Иш- чара | Иш- чараны түшүндүрмөсү | Жооптуу адам |
1. Малдын санын аныктоо. | 1. өтүп жаткан жылдын декабрь айынан 1-февралга чейин Жайыт комитети - мал ээлеринин арыздары жана билдирүүлөрү аркылуу келеерки жылга жайытка чыкчуу малдын санын алдын-ала аныктайт. | - Малдын санын аныктоо жайыт пайдалануунун жылдык планын түзүүгө шарт түзөт; - жайыт акынын көлөмүн аныктоого шарт түзөт; - кайсыл жайыттарга көчүү менен канча мал көчөөрүн аныктайт. - Малдын санын так каттатпай жашыргандыгы үчүн мыйзамга ылайык административдик чара көрүлсүн | - Жайыт комитети |
Маселе | Иш- чара | Иш- чараны түшүндүрмөсү | Жооптуу адам |
1. Жайыт акысынын аныктоо жана жайыттын пайдалануу планы менен таанышуу. | 1. Соңку жылдын 1-мартка чейин жайыт комитетинин мурунку жыл үчүн отчетун угуу (айылдык кеңеште); 2. 15-мартка чейин соңку жылдын жайыт акысы тууралуу, жайыт пайдалануу боюнча жылдык план менен таанышуу (Коомдук угуу); 3. Жайыт пайдалануу акысын алдын ала белгилүү. | Жайыт пайдалануунун жылдык планы менен алдын ала таанышуу: - жайыт акынын көлөмүн аныктайт; -Кайсыл жайыттарга көчүү менен канча мал көчөөрүн аныктайт; - Малчы тарабынан мал чогултулуп алганга чейин – мал ээлери канча сом көлөмдө жайыт акы төлөнөөрү тууралуу билип, ошого жараша малдын багуунун акысы аныкталат; - Жайыт акысы малчылар же мал ээлери тарабынан төлөнүугө шарт түзүлөт. | - Айыл өкмөт башчысы, аппарат. - Жайыт комитети |
Маселе | Иш- чара | Иш- чараны түшүндүрмөсү | Жооптуу адам | |
2. Малдардын көчүп конуу эрежелерин аныктоо боюнча элдик жыйынды 1-апрельге чейин өткөрүү | 1. Жайытка көчүү мөөнөттөрү жана жайыттарды талкуулоо жана аныктоо. 2. Малчы - малды элден ала электе малдын баасын аныктоо; 3. Малчы менен мал ээлеринин ортосундагы 4 тараптуу келишим түзүүнү жарандарга сунуштоо (айыл өкмөтү, жайыт комитети кошо). 4. Ар бир малчыга берилчүү малдын санын аныктоо. Мисалы: 650 сан менен чектөө коюу.
| Мал багууну 4 тараптуу келишимди түзүүнүн максаты: Мал багуунун баасын бир калыпта кармайт; Жайыт акынын көлөмү малдын багуу акысына кирет жана малчы тарабынан төлөнөт; Малдын жоголуусуна чектөө коет; Көчүп конуу эрежелерин жөнгө салуу менен жоопкерчиликти аныктайт. | -Айыл өкмөт башчысы, аппарат. - Жайыт комитети. | |
Маселе | Иш- чара | Иш- чараны түшүндүрмөсү | Жооптуу адам | |
3. Айдоо аянттарын жана күздөө, кыштоо жайыттарын сактоо менен алыскы жайыттарды рационалдуу пайдалануу | 1. 1-Майга чейин малды чөп чабынды жана айдоо аянттарынан чыгаруу; 2. Соңку жылдын 1-майынан тартып 1-июнуна чейин малдарды жайлоого чыгаруу, 1-октябрда кайра көчүрүп келүүсүнө шарт түзүү; 3. өзүнчө кеткен (жылкы малы) малдардын мал ээлерине, жайыттарды пайдалануу боюнча тартипти сактоону милдеттендиръъ; 4. 1-майдан баштап бада уюштуруу. Бадага субай мал алып калууга тыюу салынат. 5. 1-июндан тартып корук уюштуруу; 6. 1-июньдан тартып камак уюштуруу. | 1. Мурун колхоз убагында корукчу деген штат бар болчу. Акыркы жылдары эгенмендүүлүк алгандан бери корукчугунун деле кызматы талап кылынбай калган. Бирок азыркы учурдун талабына ылайык корукчу талап кылынууда - кээ бир айыл өкмөттөрүнө шайлап, эмгек акысын чечип алса болот. 2. Камак уюштуруу дагы учурдун талабы, бирок көптөгөн айыл өкмөттөр, малды камакка алууну туура укуктук денгээлде жүзөгө ашыра албай келишүүдө. | -Айыл өкмөт башчысы, аппарат. - Жайыт комитети. | |
Маселе | Иш-чара | Иш- чараны түшүндүрмөсү | Жооптуу адам |
4. 1-майдан 1-июнга чейин малга санак жүргүзүү жана жайыт билети менен камсыз кылуу, жайыт акысын төлөтүү тууралуу келишим (милдеттенме) түзүү | 1. Жайыт комитети соңку жылдын 1-майынан 1-июнга чейин малга санак жүргүзүү менен жайыттарга чыгарууга милдеттүү; 2. Жайыт билети менен камсыз кылуу; 3. Жайыт билетинин негизинде жайыт пайдалануу акысын түшүрүү максатында мал ээлери (же малчы) менен келишим түзүү. | 1. КРнын Жайыттар жөнүндө мыйзамынын: 3-1-статьясында Жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу жайыт белеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат. 10-статьясынын 2-пунктунда Жайыт белеттери жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тиешелүү акы төлөгөндөн кийин жайыт комитети тарабынан берилет. 7-пунктунда Жайыт белетине акыны бөлүп төлөөгө жол берилет, бирок ошол жылдын 1-октябрынан кечиктирилбеши шарт деп көрсөтүлгөндүктөн. Жайыт комитет – санак жүргүзүү менен жайыт билети менен камсыз кылып, жайыт акысын төлөп берүү тууралуу келишим түзүүсү керек. | - Жайыт комитети.
|
Маселе | Иш- чара | Иш- чараны түшүндүрмөсү | Жооптуу адам |
4. 1-майдан 1-июнга чейин малды вакцинациялоо жана купкага салуу | 1. Мал ээлери мал алыскы жайытка чыкканга чейин малын дарылап (вакцинациялоодон өткөрүп) алыскы жайыттарга чыгарууга милдеттүү. | 1. Малдар алыска чыкканга чейин дарылоонун максаты: - алыскы жайытта малдар жүргөндө жугуштуу оорулардын жугуусунан алдын-ала сактоого шарт түзүлөт. | - Айыл өкмөт башчысы, вет адис. - Мал ээлери. |