Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V- сессиясы
2017-жылдын 3-марты № 5/2
Алга айылынын тургуну Эргешов Алмаматтын арызы жөнүндө
Алга айылынын тургуну Эргешов Алмамат жеке ишкер А.Жүзбаев тарабынан чет жактарга ташылып жаткан Шыбран айылындагы “Магнезит “ташы боюнча жазган кайрылуусун Алга айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V- сессиясы карап чыгып, талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Алга айылынын тургуну жеке ишкер А.Жузбаев тарабынан чет жактарга ташылып жаткан Алга айылынын кен байлыктары (магнезит ташы) токтотулсун.
2. Жеке ишкер А.Жүзбаевдин лицензия, ж.б документтерин карап чыгып, ушул маселе кайрадан кийинки сессияга калтырылсын.
3. А.Жүзбаевдин кийинки сессияга чейин документтерин тактоо жагы Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дуванаевге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Акбаров |