Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 08-февралы № 108
«Жаны-Жер айыл Өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө»
Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн 2015-жылга коюлган бюджетинин аткарылышы Кыргыз Республикасынын Каржы Министирлиги тарабынан берилген контролдук цифра боюнча Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн Финансы Экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Жалиловдун,айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга бюджети Кыргыз Республикасынын «Республиканын 2016-жылга жана 2016-2018-жылдарга долбоору жөнүндөгү»,»Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү»,«Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-экономика негиздери жөнүндөгү»мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилеп жогорудагылардын негизинде Жаңы-Жер айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн 2015-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичинде өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичиндеги бюджет 17 832,8 миң сом эсебинде киреше жана чыгашалары №1,2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин киреше жана чыгашалары 20421,8 мин сом олчомундо №3-4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Айыл Окмотунун карамагындагы балдар бакчаларынын ата-энелер взносунан тушкон каражаттар айыл Окмотунун атайын каражаттары эсептелсин.Киреше жана чыгашалары 1974,0 мин сом олчомундо №5-6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Жергиликтуу салыктардын нормативдери 2016-жылга №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2016-жылга Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Райондук казына бөлүму аркылуу Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн Кеңештердин аймагынан чогулган салыктар,жыйымдар,Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына жетишилсин.
Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн администрациясына жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы тапшырылсын.
2016-жылга Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүмүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин,анын ичинде биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акыларды төлөө,социалдык чегерүү,дары-дармек жана тамак аш стап алуу) жүргүзүлүүсү бекитилсин.
1-январь 2016-жылга бюджеттик каражаттардан калган 366405,8 (үч жүз алтымыш алты миң төрт жүз беш) сом 80 тыйын акча каражаттарынын сметасы №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
1-январь 2016-жылга атайын эсептик каражаттардан калган 55 000 (элүү беш мин) сом акча каражаттарынын сметасы №9 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айылдык клубдар,китепканалар,социалдык коргоо жактан жеңилдиктер,комуналдык турак жай чарбалары,коргоонун керектелүүчү каражаттар Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн бюджети айылдык Кеңештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.
Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга каралган бюджети 2016-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттырдын Жаңы-Жер айылдык Кеңешинин Бюджет-Экономика финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Баянов |