Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № XXXIV-1
Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө Ноокат шаарынын мэринин отчету
Ноокат шаарынын мэри О.Тургунбаевдин Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү Ноокат шаар мэринин отчетун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1,2-бөлүкчөлөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын мэри О.Ж.Тургунбаевдин Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету депуттардын айтылган сын-пикирлерин эске алуу менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
А. Гафаров |