Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Жер айылдык кеңешинин V Чакырылышынын XX сессиясы
2016-жылдын 8- февралы № 116
Чек арачыларга жер ажыратып берүү жөнүндө
Жаны-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Жаштык айылындагы чек ара тозотунун жанынан, жаны чек ара тозотун куруу үчүн 1.5 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү КР нын мамлекеттик чек ара кызматынын 2021 аскер бөлүгүнүн командири полковник У.Сатиевдин 2015-жылдын 24-октябрындагы №327 чыгыш катынын карап чыгып жана талкуулап Жаны-Жер айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаштык айылынын түндүк батыш тарабынан жаны чек ара тозотун куруу учун 1.5 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жер жана айыл чарба комитетине жүктөлсүн.
Төрага | К.Баянов |