Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Жер айылдык кеңешинин V Чакырылышынын XX сессиясы
2016-жылдын 8- февралы № 118
Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн аймагындагы Хоженд-Конибодом авто жолунун боюндагы жана мамлекеттик айыл чарба фондусунунжерлерин калктуу конуш жерлерине которуу жөнүндө
Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн аймагындагы Хоженд-Конибодом авто жолунун боюндагы жана мамлекеттик айыл чарба фондусунун жерлерин калктуу конуш жерлерине айландыруу үчүн Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Осмоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаны-Жер айылдык кеңешинин V чакырылышынын ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаны-жер айыл өкмөтүнүн аймагындагы Борбордук айылынын кун чыгыш тарабындагы Хоженд-Конибодом авто жолунун боюндагы №56 контурдагы 2.80 токой тилкелери, №74- контурдагы 0.80га тыт тилкелери жана КБФнын төмөнкү көрсөтүлгөн контурлары боюнча №76-кондурдагы 12га, №80- контур 11га, №81-контур 9.80га, №50-контур 2.5га айдоо жерлери бардыгы бөлүп 38.9га айыл чарба багытындагы жерлер калктуу конуштардын жерлеринин категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Жер айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Жаны-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | К.Баянов |