Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Жер айылдык кеңешинин V Чакырылышынын XX сессиясы
2016-жылдын 8- февралы № 119
Достук жана Жаштык айылдарынын түндүк тарабындагы жайыт эсебинде турган жерлердин багытын өзгөртүү (трансфармациялоо) жөнүндө
Жаны-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Достук жана Жаштык айылдарынын түндүк тарабындагы жайыт эсебинде турган жерлерди калктуу конуштун жерлерин кеңейтүү максатында багытын өзгөртүү (трансфармациялоо) жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси А.осмоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаны-Жер айылдык кеңешинин V чакырылышынын ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Достук айылынын түндүк тарабындагы жайыт эсебиндеги төмөнку жер аянттары №33 к 11га, №42к 11га, №44 30.7га, №35 13.1га. Жаштык айылынын түндүк жагынан төмөнкү жер аянттары №54к 19.3га, №60 5.3га жалпысы бөлүп 90.4 га жайыт жердин эсебинен калктуу конуш жерлерин кенейтүү үчүн трансфармациялоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Жер айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Жаны-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | К.Баянов |