Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Жер айылдык кеңешинин V Чакырылышынын XX сессиясы
2016-жылдын 18-ноябры № 135
Жаны-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылындагы мурдагы бүтпөй калган балдар бакчасынын имаратын ондоо үчүн жана Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине инвестиция тартуу долбоору жөнүндө (Арис долбоору)
Жаны-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылындагы мурдагы бүтпөй калган балдар бакчасынын имаратын ондоо үчүн жана Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине инвестиция тартуу боюнча Аристин долбоорун кароо жөнүндөгү маселени угуп жана талкулап Жаны-Жер айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Достук айылындагы мурдагы бутпой калган балдар бакчасынын имаратын кайрадан курууга инвестиция тартуу Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата өнүктүрүү программасына киргизилсин. (СРС)
2. Аристин (ПСИ-3) долбоорунун алкагында түзүлгөн конкурстук комиссиянын 2016-жылдын 7-ноябрындагы №1 протоколунун токтом жагы жактырылсын.
3. Аристин (ПСИ-3) долбоорунун жайыт боюнча техника алуу маселеси 2017-жылдын бюджетинде каралсын.
Төрага | К.Баянов |