Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № XXXIV-3
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.А.Нурдиновтун 2015-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету
Ноокат шаар аймагына тиешелүү болгон жалпы обьекттердин реестрин тактоо боюнча Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.А.Нурдиновтун отчетун угуп жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3,5- бөлүкчөлөрүнө ылайык Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.А.Нурдиновтун 2015-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Гафаров |