Редакцияот 31.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXIV сессиясы

 

2016-жылдын 31-марты № XXXIV-4

Ноокат шаарынын борбордук соода-базарынын айланасындагы ижарага берилүүчү жерлердин, Ноокат шаарынын аймагындагы ижарага берилүүчү автотоктомдордун, соода багытында берилүүчү жерлердин жана жарнамалык негиздеги көрнөк-жарнактардын жылдык наркын, 1 (бир) чарчы метр жеринин коэффициентин бекитүү жөнүндө

Ноокат шаарынын борбордук соода-базарынын айланасындагы ижарага берилүүчү жерлердин, Ноокат шаарынын аймагындагы ижарага берилүүчү автотоктомдордун, соода багытында берилүүчү жерлердин жана жарнамалык негиздеги көрнөк-жарнактардын жылдык наркын 1 (бир) чарчы метр жеринин коэффициентин бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-бөлүкчөсүнө жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 19-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнга салуу мамлекеттик агенттигинин Ош облустук бөлүмүнүн макулдугу менен Ноокат шаарынын борбордук соода-базарынын айланасындагы ижарага берилүүчү жерлердин 1 (бир) чарчы метринин жылдык наркы 600 (алты жүз) сомго, Ноокат шаарынын аймагындагы ижарага берилүүчү автотоктомдордун, соода багытында берилүүчү жерлердин жана жарнамалык негиздеги көрнөк-жарнактардын 1 (бир) чарчы метр жеринин жылдык наркы 400 (төрт жүз) сомго коэффициенти бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А. Гафаров